Кыргыз жарандыгына ээ болгон учурдан тартып беш жыл ичинде жогорку кызматты ээлөөгө тыюу салынат

Бүгүн, 29-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Конституциялык мыйзам долбоору боюнча анын демилгечилеринин бири Айбек Осмонов тааныштырды. «Конституциялык мыйзам долбоору менен Кыргыз жарандары чет мамлекеттин жарандыгынан чыккан жана Кыргыз жарандыгына ээ болгон учурдан тартып беш жыл ичинде Жогорку Кеңештин депутаты, судья, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлери болууга, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи кызматтарын ээлөөгө тыюу салууну сунуштайбыз», — деди депутат.

Мындан сырткары «Жарандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору мамлекеттин кызыкчылыгын жана улуттук коопсуздукту коргоо максатында иштелип чыккан. Мында Кыргыз жарандары чет мамлекеттин жарандыгынан чыккан жана Кыргыз жарандыгына ээ болгон учурдан тартып беш жыл ичинде Жогорку Кеңештин депутаты, судья, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлери болууга, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи кызматтарын ээлөөгө тыюу салуу сунушталып жатат.