Бүгүн, 17-майдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында «Кумтөргө» байланышкан жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал талкууланмак. Депутаттар алтын кенине сырттан башкаруу киргизүү боюнча токтом долбоорду дээрлик 7 саат талкуулашты. Токтом долбоор колдоо таап, Министрлер кабинетине жөнөтүлгөн соң, күн тартибиндеги экинчи маселени карамак. Бирок эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен бул маселе жабыш эшик артында каралмай болду.
Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...






