Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады

Кыргыз тарап Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөөнү сунуштады. Кытай тарап бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президенттик аппарат Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Пекиндеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алышканын да билдирди. Анда мамлекет башчылары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын маанилүү жана келечектүү багыттарына токтолушкан.