Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин үчүнчү тарапсыз чечүүнү макулдашты

Пекинде өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын ачылышында президент Садыр Жапаров тажик лидери Эмомали Рахмон менен сүйлөштү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчылары чек ара маселесин үчүнчү тараптын кийлигишүүсүз чечүүнү макулдашты. «Эки коңшу тил табышса, чек ара маселеси чечилет. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон министрлерге чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууну тапшырды. Буга чейин комиссия ишин токтоткон. Бирок бир жумадан бери катуу иштеп жатат. Тараптар бул маселени үчүнчү тарапсыз эле жөнгө сала алабыз деп чечишти», — деди Акылбек Жапаров.

Буга чейин Орусия кыргыз-тажик чек арасын тактоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.