Кыргызстанда 13 миңге жакын адам 2 миң сомго жетпеген пенсия алат

Кыргызстанда 13 миңге жакын адам 2 миң сомго жетпеген пенсия алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтылды. 

Депутат Чынара Урумкалиева кыргызстандыктар алган пенсиянын эң аз өлчөмү боюнча сурады. «896 сом. Бул талап кылынган эмгек стажынын жоктугуна байланыштуу», — деди Социалдык фонддун башчысынын милдетин аткаруучу Арстанбек Абдуллаев. Ал 1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия жогорулаганын кошумчалады. Анын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түзөт.