Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп Улан Жусупов дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жусупов Улан Калыгулович Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Буга чейин аталган кызматты Эдил Байсалов аркалап келгени маалым. Ал учурда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.