Кытай Кыргызстанга 5 миллион доза вакцина жана 50 миллион юань берет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

КЭР төрагасы  кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина жана 50 миллион юань өлчөмүндө коопсуздук тармагында кайтарымсыз жардам берүү чечимин кабыл алганын, түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык макулдашуусуна кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы белгиленип жаткан жылы өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуулугун белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров бул сүйлөшүүлөр кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө жаңы дем берип, жетишилген макулдашуулар жакынкы жылдарда мындан аркы өз ара аракеттенүүгө негиз түзөөрүнө ишенимин билдирди. Ал кыргыз тараптын “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу продукцияларды жана унааларды өткөрүү маселелерине токтолуп, кыргыз-кытай чек арасы аркылуу товарлардын импортун жана экспортун тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн “жашыл коридорлордун” эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи. Ошону менен катар ал кыргыз тарап мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кытайлык компаниялар менен биргеликте ишке ашырууга кызыкдар болгон бир катар долбоорлорго токтолду.

Садыр Жапаров энергетика тармагындагы кызматташууну активдештирүүнү колдоду. Мындан тышкары, экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында ал жалпы капиталы 1 миллиард доллар түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады, ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак. Садыр Жапаров Кыргызстанда Кытай грантынын негизинде ирригациялык тармактарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, быйыл жазда тиешелүү иштерди баштоо пландалып жатканын, бул Борбордук Азияда суунун азайуу мезгили келип жаткан учурда  өзгөчө актуалдуу экенин кошумчалады.

Сүйлөшүүнү жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров Си Цзиньпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.