Кытайда 7 жыл иштеген Кыргыз өлкөсүнүн элчиси бошотулду. Анын ордуна ким келди?

Канайым Бактыгулова Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси, Пекин шаарындагы резиндециясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент кол койду.

Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси болуп турган. 2019-жылы кайра эле ушул кызматка дайындалып, ушул күнгө чейин иштеп жаткан.

Садыр Жапаров кол койгон дагы бир жарлык менен Актилек Мусаева Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды.