«Кетсин». Депутат Конституциялык сот Жогорку Кеңеш үчүн абдан кооптуу чечим чыгарганын айтты

Жанар Акаев Конституциялык сот депутаттарды Жогорку Кеңештин макулдугусуз кармоого жол ачып койгонун айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

«23-май күнү Конституциялык сот Жогорку Кеңеш үчүн абдан кооптуу чечим чыгарды. Анын чечиминде «мындан ары Жогорку Кеңештин депутатына Жогорку Кеңештин макулдугу жок деле кылмыш ишин козгосо болот» деп айтылат. Биздин регламентте да, Баш мыйзамда да так жазылган. Эми бул чечимден кийин регламентти да өзгөртүшүбүз керек. Мына Конституциялык сот 23-май күнү ушундай чечим чыгарды. Эмне үчүн десе, бир жаран кайрылыптыр. Аны Министрлер кабинети туура көрүп, сот чечим чыгарыптыр», — деди депутат.

Ал ошондой эле мындан улам Конституциялык соттун төрагасы кызматынан кетиши керектигин айтты.