Ленин округу боюнча шайлоо. Бир талапкер ден соолугуна байланыштуу ат салышуудан баш тартты

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мураталиев Бакытбек Байымбетович ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө буга чейин арызын артка чакыртып алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

23-майга карата №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер аттанып жатат.