Мадумаров: «Ишкерлик кылган депутаттар парламентте калчылдап отурушат»

«Эгер кайсы бир депутат туура эмес добуш берип койсо, ошол депутаттын ишканасын текшер деп буйрукту ким берет?» деп суроо салды депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика министринин орун басарына.

«Болбойт да, мыйзам иштеш керек да», — деди Айнура Үсөнбекова. 

«Мобул жерде ишкербиз деп отурган, үй-бүлөбүздө ишкерлер бар деген депутаттар эмне үчүн калчылдап отурушат билесизби? Текшерүүдөн. Ишкерлер боюнча кандай кепилдиктер бар деп сурап жатам. Түшкө чейин сүйлөшсө, түштөн кийин текшерүү басып жатат баарын», — деди депутат.

«Мыйзам бар, мыйзамда тартип бар. Мыйзамдын так аткарылышын прокуратура карайт», — деди орун басары.

«Прокуратура өзү жиберип жатпайбы, «бар текшер» деп», — деди депутат.

Буга орун басар жооп берген жок.