Мадумаров Кадамжайдагы окуя боюнча: «Эки күн ызылдайт, анан токтоп калат»

Кадамжайда окуучу кыздын кордолуп, өлтүрүлүшү коомчулукту дагы бир ирет селт эттирди. Мындан улам депутаттарга «Бул сыяктуу резонанстуу окуялардын кайталанбашы үчүн дагы эмне кылуу керек? Эмне жетишсиз болуп жатат? Мындай окуялардан кийин жакындарыңыз үчүн чочулайсызбы?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Адахан Мадумаровдун айтымында, өлүм жаза деген болушу керек. «Адам, айрыкча биздин коом Кудайдан да коркпой калбадыбы. Акыры бир нерсе болушу керек да. Сууга чөккөндө баары эле ызылдап дарыяларды текшерип калышат. 365 күн сак болуш керек. Биздин кайгыбыз да, кубанычыбыз да эки саат. Эки күн ызылдайт, анан токтоп калат. Кийинки окуяга чейин тыптынч да», — деди ал.