Мадумаров: «Кимди «крышевать» этип жатканымды билсеңиз, камаңыз. Камаганга устасыңар»

«Кимди «крышевать» этип жатканымды билсеңиз, камаңыз. Камаганга устасыңар». Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Погон таккандар келип алып кыйкырса, ошолордуку туура болгон мода болуп кетти. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Лейлек районуна барып, тургундар менен жолугушуу өткөрүп келди. Бетин жашырбай ошол жерде бир тургун «постто тургандар өткөрүүгө 1 миң доллар сурап жатат» деди. Буга чейин 500 доллардан беришчү экен. Эки айылдын ортосунда эч кандай пост болбошу керек. Чек араны кайтаруу зарыл. «Крышевать» этип жатат деген сөздү мен билбейт экенмин. Аны менен силер алек болосуңар. Кимди «крышевать» этип жатканымды билсеңиз, четинен барып камаңыз. Камаганга устасыңар», — деди Мадумаров.