Мадумаров партиялашынын кармалышы боюнча: «УКМК, милиция түндө барып, баса калганын токтотушса…»

«УКМК болобу, милиция болобу ушул түндө барып, баса калган практикасын токтотушса». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

«Күндүз эле барып, жакшынакай болуп сүйлөшүп, сурашып келсе болот го. Түндө барып, бала-чакасын коркутуп, ыркыратып-чыркыратып, кыйнагандын эмне кажети бар? Ураимов бир жакка качып кетеби? Же ал террористпи? Же кылмышкерби?» — деди ал.

Кечээ, 8-февралда кечинде «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду кармап кетишкен. Ал эми бүгүн, 9-февралда УКМК маалымат таратып, ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип жатканын билдиришти.