Мадумаров тарабынан демилгеленген маселе боюнча комиссия түзүлдү

Бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында конституциялык мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин кепилдиктери одоно түрдө бузулушу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Аталган сунушту “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясы демилгелеген.

Жыйынтыгында комиссияга Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Чыңгыз Ажибаев (“Элдик”), Айбек Осмонов (“Мекенчил”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Шайлообек Атазов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Жылдыз Таалайбек кызы (“Ишеним”), Чыңгыз Айдарбеков (“Альянс”) кирди.