Мандатын тапшырган Жаныбек Абиров: «Биротоло коштошпойм, жолугушканга чейин»

Мурдагы депутат Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөп, 1 жыл 3 ай мурда трибунада ант бергенин айтты.

«Жалпы парламентти ыңгайсыз абалга калтырбай, өз каалоом менен мандатымды тапшырууну туура көрдүм. Мыйзам баарына бирдей, катаал болот. Депутатсыңбы же катардагы кызматкерсиңби айырмасы жок. Бул чечимди кабыл алуу оңой болгон жок. Шайлоочуларым мага ишенген. Тилекке каршы болуп өткөн окуялар депутаттык кызматты мындан ары аркалоого моралдык жагынан каршы келип калмак. Биротоло коштошпойм, жолугушканга чейин», — деди ал.

Ошондой эле ал жабырлануучу Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, шайлоочуларынан, командасынан кечирим сурады.