Марат Тагаев менен Айнура Аскарова маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Союзбек Надырбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Министрлер кабинетинин башчысынын башка буйругу менен Марат Тагаев жана Айнура Аскарова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалышты.