Марлен Маматалиев: «Электр энергиясынын тарифин көтөрүү менен бардык маселе чечилбейт»

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада «май айынан электр энергиясынын тарифин 77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз» деди. 2010-жылы Курманбек Бакиевди бийликтен кубалоонун себептеринин бири жарыкка болгон бааны жогорулатуу болгон эле. Депутаттар кезектеги кымбаттоого кандай карашат, ай сайын электр энергияга канча төлөшөт?

Депутат Марлен Маматалиев абайлоо керектигин айтты. «Дароо көтөрүүгө каршымын. Коммерциялык тараптарга көтөрө берсе болмок. Ким кандай сунуш менен президентке берди билбейм. Тарифти көтөрүп койсо, бардык маселе чечилип калбайт. Бул аз көрүнгөнү менен жакшы эле акча болуп чыгат. 

Азыр мен газ менен жылытууга өтүп кеткем. Электр энергияга 1 миң сомдой төлөйм. Кышында 5 миң сомго чейин чыгып кетип жатат», — деди ал.