«Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар?». Атазов башкы прокурорду атады

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөдү.

«Акыркы 1 аптадан бери мага карата кара пиар көп болуп жатат. Ушуну кимдер уюштуруп жатат? Блогер, журналисттердин артында кайсы саясатчылар турат? Же эл аралык кылмыштуу топ барбы? Мен 15 күн дарыланып келсем болбойбу? Ошону дагы фейктер ызы-чуу кылдыңар.

«Атазов митинг уюштурат экен» деп жатасыңар. Фейктер, эки жүздүү саясатчылар, митингди өзүңөр уюштурасыңар. Мен өмүр бою мамлекетчил болуп келгем. Тилегиңерди таш капсын. Мандатка келсек, мандат бейишке алып кирбейт го. Мандаты жок деле элге кызмат кылса болот. Элдин аманатын, ишенимин кыяматта сураса, башкы прокурор жооп берет. Матраимов менен байланышы жок азыр кайсы саясатчы бар? Мен кыргыз спортун көтөрүү үчүн ага чейинки адамдар менен да байланышкам. Курманкул Зулушев өзү Матраимов менен кан дос болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө «Райым досум келгиче жебей тургула» деп отурбадыңыз беле?! Ал чоң кылмышкер болсо, 3 жылдан бери көрбөй калдыңызбы? Муфтиятты ачып жатканда эле кармап албайт белеңиз», — деди ал.

Башкы прокурор депутаттын жогорудагы билдирүүсүнө азырынча үн ката элек.