Медер Алиев: «Союз мезгилинде мугалимден чыбык менен таяк жеген окуучулар ачылыштарды жасашкан»

Ак-Ордодо үйү сүрдүрүлгөн аялдын видеосу соцтармакта тарап, резонанс жараткан соң президент өзү барып ага жолукту. Окуучунун мугалимди шылдыңдаган видеосунун окуясында да министр өзү баш болуп мектепке барды. Маселени чечүүнүн башка жолдору бар беле? Депутаттарга кайрылып көрдүк.

Депутат Медер Алиевдин айтымында, резонанстуу окуялар болуп кеткенде, жерине президенттин барганы туура эле болду. Ал ошондой эле мектептеги окуя тууралуу да кеп кылды. «Тилекке каршы соңку учурда мугалимдин коомдогу орду төмөн болуп кетти. Мугалимдин укугу төө бастыга алынып, кээ бир учурларда окуучулар өзүлөрүнүн укугун билип, ошону талап кылат, бирок жоопкерчиликти билбейт. Мугалимдерди теңибизге албай койсок, ошол жакшы көрүнүшпү? Союз убагында кандай агай-эжейлер болгон. Указка жана чыбык менен окуучуларды тарбиялаган, ошол окуучулар физика, математикадан союз деңгээлине чыккан. Коомго, адамзатка ачылыш жасаган. Албетте, мугалимдер да татыктуу болушу керек», — деди ал.