Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган талапкер Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды.
Шаардык кеңештин 31 депутатынын ичинен добуш берүүгө катышкан 28 депутат бир добуштан бул талапкерди колдогон. “Республика” фракциясынан талапкер болгон Эрнист Зияйдиновго бир дагы добуш берилген эмес. Аталган шайлоо 3-декабрда өтүп, жыйынтыгы боюнча ушул күнгө чейин эч кандай арыз-даттануулар түшпөгөн. Андыктан БШК кечээ, 11-декабрда, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде шайлоо жыйынтыгын бекитти.
Эскерте кетсек, Эрнисбек Ормоков үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын катарында катышкан эле.