Мелис Мырзакматов: «Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатат. Биз мындай жыйынтыкка каршыбыз»

Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатат. Бул тууралуу «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуштардын жыйынтыгы бурмаланды. Саат 20:46га карата «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына 47 миң 74 добуш берилген. Ал арада БШКнын сервери иштебей калган. Саат 21:20да «Улуттар Биримдиги» элдик партиясына берилген добуштардын саны 29 миң 387ге түшүп калды. Биз мындай жыйынтыкка каршыбыз жана нааразычылык билдиребиз», — деп жазды ал.