«Мен сени сыйлатып алам». Депутат Сатыбалдиев вице-мэрге эскертүү берди

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 27-сентябрдагы жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев вице-мэрден жол жана тротуар куруу боюнча көптөгөн долбоорлордо эмне үчүн жашыл аймак каралбай жатканын сурады. «Болсо ал үйлөргө жакын эмес, жол менен тротуардын ортосунда жайгашкан», — деп тактады ал.

Нурдан Орунтаев булар кытай грантынын эсебинен каржыланган долбоорлор деп жооп берди. «Долбоорду өзгөртүү үчүн биз кайрадан кытайларга кайрылуубуз керек. Үйлөргө тийбей, муниципалдык жерде турган тосмолорду алып, ошол жерге жөө адамдар басуучу жол салалы деген эле оюбуз бар», — деди вице-мэр.

Депутат аны токтотуп, анын жооп бербей эле маалымат берип жатканын айтты. «Иним, мен сага эскертип жатам. Сен күпүлдөбө, башка жерде күпүлдө. Бул Жогорку Кеңеш. Өзүңдү сыйлабасаң, бизди сыйла. Сыйлагың келбесе, сыйлатып алам», — деди ал.