«Мен уруксат бергем». Ташиевдин резиденцияда жашарын президент да ырастады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик резиденцияда жашайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйында билдирди.

«Резиденцияда мамлекеттик үйдө жашайт. Ал жакта кимдер жашайт, ким жашабайт, аны президенттин иш башкаруу департаменти менен мен чечем. Анткени Ташиевдин коопсуздугу керек», — деди ал.

Буга чейин айрым ЖМКлар Камчыбек Ташиевдин резиденцияда Алмазбек Атамбаев салган үйдө жашарын жазып чыгышкан.