Министрлер кабинети төрт компаниядагы үлүшүн сатууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Министрлер кабинети «Альфа Телеком» (акциянын 100 пайызы), «Кепилдик фонду» (14,09 пайызы), «Керемет банк» (0,74 пайызы) жана Евразиялык сактык банкын (76,56 пайызы) менчиктештирүү боюнча маселени парламенттин кароосуна жөнөттү», — дейт Бекешев.
Бул төрт компанияны сатуу боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов да тастыктады.












