«Мени бышырып жегиле», «Сен кекиликсиңби?». Жыйында Ташиев менен Бакиров кайым айтышты

Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кетишти.

«Керкидан суу сактагычы боюнча бир топ каталар, бир топ туура эмес чечимдер кабыл алынып калыптыр» деп айттыңыз. Кимдер кабыл алыптыр? Ошолорду тактадыңызбы. Тактап койсоңор», — деди депутат.

«Мурдагы комиссия. Сиз ушул суроону буга чейин эле бергенсиз. Тактай элекпиз. Жазыңыз. Жооп беребиз дегем»,— деди Ташиев. 

Депутат: Мен ошол жерде айткан сөз документке кетет да. 

Ташиев: Айтылган сөздү аткара турган сиз кимсиз? Жазып бериңиз.

«Мен депутатмын», — деди Бакиров. 

УКМКнын төрагасы: Билем депутат экениңизди. Кандай депутат экениңизди да билем. Жакында кандай депутат экениңизди көрөсүз.

Ал арада спикер айтышпоого чакырды. Өмүрбек Бакиров микрофонго чыгып, сөз жеке депутат эмес, Кемпир-Абад боюнча болуп жатканын айтты. «Мени колуңардан келсе, бышырып жегиле. Мени эл шайлаган. 11,5 миң эл», — деди депутат.

УКМКнын төрагасы: «Бышырып жегендей кекиликсизби? 

Депутат: Элди сыйлап жакшы сүйлөшпөйлүбү? Кекилик дейсиз… Мен кандай депутатмын?

УКМКнын төрагасы: Эл билет кандай экениңизди, мени да эл билет. Эмне убакыт көрсөтөт экен? Эмне коркутасың?!