Ташиев Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча: «Менин эмне тиешем бар?»

Депутат Эльвира Сурабалдиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин майдаланып жатканын айтып, Болот Темиров боюнча кеп козгоду.

«Майдаланып мен эч нерсе кылган жерим жок. Жок нерселерге менин атымды чаптай бербеңиз. Болот Темиров боюнча сот чечим чыгарды. Ички иштер министрлиги тергөө жүргүздү, аны Башкы прокуратура бекитти. Менин эмне тиешем бар? Мен эмне кылышым керек? Керек болсо, мен бул тууралуу билген да эмесмин. Командировкаларда чуркап жүрөм. Эки күн бою кесиптештерди тосуп алып, анын өлкөдөн чыгарып жиберишкенин билген да эмесмин. Түнү үйгө келгенде гана уктум», — деди Ташиев.