Министр Бейшеналиев коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин айтты

«Саламаттыкты сактоо тармагын дээрлик монополиялаштырып алгандар системаны реформалоого караманча-каршы чыгып жатышат. Ал эми көзөмөл жана сот органдары калктын ден соолугуна кедергесин тийгизчү маселелерде адилетсиздигин көрсөтүүдө. Мындан улам, мен — Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктун колдоосуна муктаж болуп жатканымды расмий түрдө жарыялайм». Бул тууралуу ал жетектеген министрликтен билдирүү таратышты.

«COVID-19 апаатынан калкты куткарууда саламаттыкты сактоо системасы канчалык деңгээлде жан кейитээрлик абалга түшүп калганын жон терибиз менен сездик. Бул апаат али да болсо “Стелс-Омикрон” сыяктуу жаңы штаммдары менен кезектеги соккуга даярданып жатканы ойлондурбай койбойт. Мындай коркунучтарга Саламаттыкты сактоо министрлиги даяр турушу керек. Анткени «Доктор Исманкуловдун клиникасы» сыяктуу монополиялык мекемелер апааттан элди куткара албайт!

Биз бир гана коронавирус эмес, эл арасында өнөкөт көйгөйгө айланган жүрөк-кан тамыр ооруларын, неврологиялык дарттарды дарылоочу заманбап бейтапканаларды түзүүгө ынтызарбыз. Мында адилеттүү чечимдери менен колдоонун ордуна көзөмөл жана сот органдары тескерисинче нигилизм тарапты жактоодо. Муниципалдык менчиктин башында турган мэриянын чечимдерин көзгө илбей, саламаттык сактоо тармагына таандык болгон мекемени бошотпой жаткан көз дарыгери Алмазбек Исманкулов мыйзамдарды аттап, сот органдарынан чындыкты күтүп жаткан кербези. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги жалпы элдин ден соолугуна маанилүү баалуулугун коротуп жатат – бул убакыт. Ооба. Ар бир мүнөт, секунд мен баштаган реформаны ишке ашырууда маанилүү.

Мындан улам коомчулукка кайрылууну туура көрдүм. Элдин саламаттыгын сактоодогу өнүгүүлөр маанилүүбү же монополиялашкан, калктын капчыгын жеке Исманкулов сыяктуулардын кызыкчылыктары үчүн каккан медицина маанилүүбү? Бул жагдайда сиздердин тандооңуздарды сиздердин колдооңуздар аркылуу күтөм», — деп жазылат министрдин билдирүүсүндө.