Министр: «Депутат Сулайманов жардамчысын кесиптик лицейге директор кылып дайындоону суранган»

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү Билим берүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун талкуулашты. Анда депутат Кундузбек Сулайманов министрликте кемчиликтер бар экенин айттып, сынга алды.

«Мага айтылган сындар боюнча, эмне үчүн мындай кылып жатканыңыздын чоо-жайын ачыктагым келет. Мен министр болуп дайындалгандан кийин жардамчыңызды Токтогул районундагы №39 кесиптик лицейге директор кылып дайындоону сурангансыз. Мен аны дайындабаганым үчүн мени эл алдында сындап жатасыз», — деди министр.

Бейшеналиев жеке кызыкчылыгы жок экенин билдирди. «Мен министр болуп келдим, бул тармакты президент мага тапшырды. Жеке мага карата сын пикириңиз болсо, мага жекече айтыңыз. Жардамчыңыз квалификация критерийлерине жооп берген жок. Ал сиздин жеке жардамчыңыз болгон. Мен аны дайындай албадым, кечирим сурайм», — деди Бейшеналиев. 

Депутат лицейдин көйгөйлөрүн жеринде көргөндөн кийин сын айта баштаганын белгиледи.