Министр Казакбаев иш сапары Германияда жүрөт. Ал кимдер менен жолугушуп жатат?

Кечээ, 28-мартта тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Германияга болгон иш сапарынын алкагында Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Майкл Хармс менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Министр Казакбаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директорун Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Комитеттин Кыргызстанга делегациясын жөнөтүү, анын ичинде алдыда боло турган кыргыз-германия бизнес форумуна катышуу ниети ырасталды. Форумду 2022-жылдын июнь-июль айларында өткөрүү боюнча алдын ала макулдашуу жетишилди.

Аталган комитет Германиядагы 350дөн ашык орто жана ири бизнес компаниялардын кызыкчылыктарын коргойт жана дүйнөнүн 29 өлкөсү, анын ичинде КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен иш алып барат.

Министр Руслан Казакбаевдин Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин cтатс-катчысы Франциска Брантнер менен да жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз тарап соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү инструментине айланган экономика тармагында башкаруучу кадрларды даярдоо боюнча «Германия менен өнөктөштүккө даяр» программасынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. 2007-жылдан бери Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун 300дөн ашуун өкүлдөрү бул программанын алкагында Германияда окуудан өтүшкөн.

Украинадагы азыркы кырдаал өзүнчө каралды. Анда Кыргызстандын Орусия жана Украина менен тарыхый тыгыз байланышы бар экени баса белгиленди. Санкциялардын аймактагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына тийгизе турган терс таасирин минималдаштыруу жолдору талкууланды.

Берлин шаарында министр Руслан Казакбаев Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул компаниялар айыл чарба, туризм, санариптик технологиялар, медициналык жабдуулар жана логистика тармактарында бизнес жүргүзүшөт.

Өлкөлөр ортосундагы ишкерлер кызматташтыгын арттыруу боюнча чаралар талкууланды жана макулдашылды. Ишкерлердин кароосуна Кыргызстандагы инфраструктура, энергетика, айыл чарба, туризм тармагындагы конкреттүү ири инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат коюлду. Жолугушуунун жүрүшүндө каралган маселелерди мазмундуу талкуулоо максатында германиялык компаниялардын өкүлдөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасына иш сапары менен келүү үчүн жумушчу топ түзүү сунушталды.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын президентинин аппаратынын Эл аралык иштер боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушту.

Ооганстандагы окуялардын регионго тийгизген таасири, эл аралык коопсуздукту чыңдоо жолдору боюнча пикир алмашуу болду. Германия тараптын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну арттырууга кызыкдар экени баса белгиленди. Тараптар ошондой эле саясий диалогду мындан ары бекемдөө жана кыргыз-герман мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу максатында быйылкы жылы бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.