«Министрлер Баткенге барышат». Акылбек Жапаров Баткенде үч айдан бери курулуп бүтпөгөн үйлөр боюнча чечим тапты

Кечээ, 8-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстан тараптан жасалган куралдуу баскынчылык актынын натыйжасында Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Президенттин Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаковдун маалыматына ылайык, учурда 415 объектте курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 273 объектиде — дубал тургузуу, 95 объектиде плиталар коюлуп, 36 объектиде — чатыр жабуу, ал эми 11 объектиде ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

«Бишкек шаарында 3 кабаттуу мектептер 3-4 айда курулуп бүттү. Жакында үчүнчү ай болот, ал эми үйлөр бүткөрүлө элек. Иштерди тездетүү керек. Эгерде маселе башкы планга тийиштүү болсо, анда документке тийиши бар кызматкерлерди иштен бошотуу керек. Эгерде маселе башкы планда болбосо, демек, маселе мурда берилген тапшырмалардын аткарылышында жатат. Тиешелүү органдар “уктап” жатса, министрлер Баткенге барып, Жаңы жылга чейин иш алып барып, ушул маселелердин баарын чечип беришет», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга калыбына келтирүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Баткен облусун калыбына келтирүү жана калкка колдоо көрсөтүү маселеси боюнча тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрүнө эскертүүлөр жана сөгүштөр берилди.