Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Душанбеге (Тажикстан) барды.
Аэропорттон аны Тажикстандын премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды. Сапардын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөр пландаштырылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланат. Мындан тышкары, сапардын алкагында Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине баруу каралган.