Марлен Маматалиев: «Чек ара жаңжалында Баткенге бир топ депутаттардын баргысы келген жок»

Чек ара жаңжалынын биринчи күнүндө Баткенге бир топ депутаттардын баргысы келген жок. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев «СуперТВ» телеканалына берген маегинде билдирди.

«Баткен боюнча менин үйүмдө чынында эле куралым бар эле. Бул жагы кандай болот экенин билбей эле, унаага балдарды салып, аларды алдыга кете бергиле, мен эртең менен учуп барам дедим. Ошол түнү учак бар экен депутаттардан ким барат дегенде, бир топ депутаттардын баргысы келбей, барабыз дегендерди сындап тургандар болду. Бирок байкасам, кийинчерээк барып калышыптыр», — деди ал.