Момбековдун жогорку билими жок болгону үчүн БШК аны талапкер кылып каттоодон баш тартты

Билим берүү жана илим министрлиги БШКнын 13-январдагы депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун 2003-жылы алган делген жогорку билими тууралуу билдирмесине жооп берди. Бул тууралуу кечээ, 20-январда БШКнын жыйынында маалым болду.

Министрликтин маалыматы боюнча, талапкерди каттоо үчүн тапшырылган Улуттук университетине таандык болгон дипломдун көчүрмөсү берилген эмес. Архивден ЖОЖго кабыл алынганы тууралуу буйрук, студенттин өздүк иши, дипломду берүү тууралуу буйрук да табылган эмес. Талапкердин өкүлү көчүрмөнү дипломдун түп нускасы октябрь айындагы окуяларда документ уурдалганына байланыштуу бере албай жатышканын айтты. Ал өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо ушундай эле маселеде сот Момбековдун пайдасына чечим чыгарганын да эске салды.

Мындан улам, БШКнын жумушчу тобу Рыскелди Момбековго депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартууну сунуштады. БШК бир добуштан Момбековду талапкер кылып каттоодон баш тартты.