Шейшемби, 18.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Мөңгүлөрдүн активдүү ээришине эмнелер таасир этүүдө? Президенттин жообу

19:00 07.12.2024
0
Мөңгүлөрдүн активдүү ээришине эмнелер таасир этүүдө? Президенттин жообу

«Мен дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан эл аралык иш-чараларда ар дайым мөңгүлөрдү сактоого чакырып келем. Ошол эле Глазгодо өткөн Глобалдык саммитте, Дубайдагы COP-28 жана Бакудагы COP-29да, БУУнун жогорку трибунасынан дагы мөңгүлөрдү сактоо керектигин белгилегенимди билесиздер. Кореяга болгон расмий сапарымда да бул сөздөрдү айттым». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында жазды.

«Кореядан учакта келе жатканда бир көрүнүшкө туш болуп (төмөндө тиркелген видео), телефонума тартып койдум. Бул жаныбызда учуп бараткан учактан бөлүнүп чыккан керосиндин калдыктары. Капкара түтүн тоолордун чокуларына, мөңгүлөргө конууда. Ооба, биз бараткан учактан деле ушундай уулуу калдыктар тарап, мөңгүлөрдүн үстүнө түшүүдө. Муну менен климаттын өзгөрүүсүнө, дүйнө жүзү боюнча мөңгүлөрдүн кыскарышына бардыгы эле айтып келгендей завод, фабрика же эски унаалардан чыккан газдар эле эмес, учактар да катуу таасир этерине көңүлүңөрдү бургум келет.

Бир топ өлкөлөр бак-дарактарды тигип, эски унааларга чектөө киргизип, аракет көрүшүүдө. Мисалы биз эле жыл сайын өз күчүбүз менен тоо боорлоруна 7-8 миллион көчөт отургузуп жатабыз. Бирок учактардан абага чыккан зыяндуу калдыктарды кескин азайтуунун үстүндө иш алып барбасак, башка аракеттерибиз сезилерлик болбойт.

Сөзүм ынанымдуу болушу учун бир аз жөнөкөй статистика. Учууларга байкоо салган дүйнөлүк сервис FlightRadar24 маалыматына ылайык, 2023-жылдын 19-июлунда бир суткада учактар 253 328 жолу абага көтөрүлгөн. Ал эми 2024-жылы 19-июлда бир сутка ичинде 275 690 учуу катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 22 362 учууга көп. Мисалы, сентябрда Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын иш-чарасына Airbus A320 (бул орточо көлөмдөгү жана дүйнө жүзүндө кеңири тараган учактардын бири) учагы менен барып келдик. 88 тонна 459 килограмм авиа керосин куюлуп анын 70 тонна 763 килограмм сарпталды. Ал жакка барып кайра Бишкекке кайткан аралык 22 948 чакырымды түздү. Барып келгенге кеткен убакыт 28 саат 23 мүнөт. Бул аралыкта 3 тонна 323 килограмм СО2 (уулуу көмүр кычкыл газы) атмосферага чыгарылган. Эми элестеткиле бир учак эле бир суткадан бир аз ашык убакытта үч жарым тоннага жакын уулуу калдыктарды абага чачып жатса, суткасына дүйнө жүзү боюнча орточо 200 миң учак көтөрүлгөндө канчалаган уулуу калдыктарды чачып жатат? Дүйнө жүзү боюнча 2023-жылы 312 миллион тонна, 2024-жылы 335 миллион тонна авиакеросин сарпталган.

Тонналаган уулуу калдыктар тоолорго, мөңгүлөргө барып түшүүдө да. Ошондуктан дүйнөлүк коомчулукту, айрыкча триллиондогон доллар акча каражататрын климатты сактоого деп которуп жаткан бай мамлекеттерди бир гана жашылдандырууга эмес, учактардан бөлүнгөн уулуу калдыктарды азайтуу багытында иш алып барууга чакырат элем. Мындан тышкары дүйнө жүзү боюнча согуштарга, конфликттерге эмне деген эбегейсиз, сан жеткис суммадагы долларлар курал-жарактарга сарпталууда?! Ушул каражаттарды учактар климатка терс таасир этпегидей кылууга жумшашса жакшы болмок. Ошондуктан учак чыгарган өлкөлөр дүйнөлүк климаттык фонд менен биргеликте авиакеросин менен эмес, балким күн нурунан же электр кубаттагычы менен уча турган альтернативдүү варианттарды колдонууга өтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иш алып баруу зарыл деп эсептейм», — деп жазылат билдирүүдө.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Автор Айзада Тураркулова
16:22 10.11.2025
0

Президенттин буйругу менен шаар статусун алган Гүлчөгө мэр болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, тиешелүү...

Садыр Жапаров Мисирдин президенти  Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Автор Айзада Тураркулова
15:01 05.11.2025
0

Каир шаарында Президент Садыр Жапаровдун Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма...

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 11.10.2025
0

Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берүү боюнча талкуу уланууда. Айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык...

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Автор Эдита Ильясова
14:04 09.10.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. "Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине...

Садыр Жапаров: «Сооронбай Жээнбеков 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетти»

Элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек? Өлкө башчысынын жообу

Автор Эдита Ильясова
11:09 08.10.2025
0

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Бул маанилүү окуяны утурлай, «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаров өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

11:03 18.11.2025
Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

11:26 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

12:44 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

1
Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

16:28 18.11.2025
Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

15:24 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

12:44 18.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү