Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууга каралып, кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет төрагасы Данияр Төлөнов белгилегендей, бул долбоор жеке жактардын мүлктөрүн, анын ичинде башка жактарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан мүлктөрүн декларациялоо учуруна карата ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун натыйжалуу укуктук механизмин түзүү; КРнын экономикасына ички жана сырткы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын көрсөткүчүн азайытуу; активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул мыйзамда каралган мүлктөрү ыктыярдуу декларацияланганга чейин болушу мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоодон коргоо максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары, “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.