Мурдагы элчи Кылычбек Султан: «Жээнбеков бийликке келгенде эле рейтинги түшө баштаган»

Мурдагы элчи Кылычбек Султан СуперТВ телеканалына былтыркы Октябрь окуяларына байланыштуу маек берип жатып, 5-октябрь Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин кулашынын акыркы чеги болгонун, экс-президенттин рейтинги ага чейин эле түшө баштаганын айтты.

«5-октябрда түнү эл Ак Үйгө бастырып киришти, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кулады. Негизи эле Жээнбековдун бийлигинин кулашынын акыркы чеги ошол күн болсо, башталышы ал күн болгон жок. Бийликке келгенде эле Жээнбековдун рейтинги түшө баштаган. Ошол күнү чегине жетти», — деди ал.

Ал мындан тышкары, ошол күнү элдин духу, энергетикасы байкалып турганына токтолду. «Ошол күнү элдин духун көрүп жаттык. Энергетика байкалып турду. Азыр ошол күндөгү видеолорду көрсөк, кайра баштан көз алдынан өткөргөнгө мүмкүнчүлүк болот экен. Бул эми шайлоого эле болгон нааразычылык эмес да. Бул пандемия учурундагы бийликтин шалаакылыгы жана ага чейинки аракеттери да болуп калды», — деди ал.