Экс-спикер Матубраимов депутаттарга: «Импичмент жарыялоого толук укугуңар бар»

«Силер 7-чакырылыштагы депутаттарсыңар, буга чейин көп маселелер чечилген. Болгону эки өлкө менен чек аралар чечиле элек, бирок аракет кылышыбыз керек”, — деди Жогорку Кеңештин экс-спикери Алмамбет Матубраимов аны 70 жылдык мааракеси менен куттуктап жаткан парламент жыйынында.

Матубраимов Кыргызстандын потенциалы чоң экенин белгиледи. «Кыргызстандын азыркы аброюн басынтпагыла. Бийликке жетүү кыйын, бирок аны бир күндө жоготуп коюшуң мүмкүн», — деди ал.

Мурдагы төрага депутаттарга кайрылды. «Мен бир жолу 3-чакырылышта бийликтин үч бутагы бири-биринен көз карандысыз, тандоо форматында иштеш керек деп айткам. Бизде андай система жок, ар бир бөлүм, ар бир тармак өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Мен бардык президенттерге 17 кат жаздым, баары менен иштештим, ар кимдин өз орду бар. 9 жылдан бери Конституция өзгөрдү, силерде эң мыкты ыйгарым укуктар бар, сени эч ким кууп жибербейт. Эгерде президент жана аткаруу бийлиги мыйзамдарды, Конституцияны аткарбаса, импичмент жарыялоого толук ыйгарым укугуңар бар. Буга чейин парламентте мындай болгон эмес. Бирок азыр парламент менен аткаруу бийлиги, ошондой эле сот бийлиги бир деңгээлде», — деди ал.