Мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнамалагандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылат

Кечээ, 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жыйында Укук тартиби боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады. Алсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору “Финансы пирамидаларын уюштуруу” маселесин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнамалагандарга 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки айып пул салуу жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чаралары каралууда.

Буга чейинки жыйындарда белгилүү болгондой, өткөн жылы финансы пирамидалары боюнча 882 кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.