Нарында мэрдин шайланышы. БШК жыйынтыкты жокко чыгарды, жетекчини президент дайындайт

БШК Нарын шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге шаардык кеңештин спикери Автандил Молдосалиев билдирди.

«Мэрди шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрөт. Шайлоо алдында жаңы мыйзамга кол коюлгандыктан эмне болот деп сурадык. Бизге шайлоо болот деп айтышкан, анткени алар мурда эле пландаштырылган. АШК шайлоо өткөрдү», — деди ал.

22-октябрда Нарын шаардык Кеңешинин VII сессиясында Нарын шаарынын мэрин шайлоо каралган. Сессияга 31 депутат катышып, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Арслан Сталбек уулу 16, ал эми Эмилбек Чымылдаковго 14 депутат өз добушун беришкен. Ал эми буга чейин бир күн мурда президент Садыр Жапаров аким менен мэрлерди эми президент дайындай турган мыйзамга кол койгон.