Нурдин Кагаздиев дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору болуп дайындалды

Кагаздиев Нурдин Маратбекович Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Тиешелүү буйрукка 26-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Нурдин Кагаздиев 1985-жылы 23-сентябрда туулган. Жогорку билимдүү:

— И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА).

— Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ).