Нургүл Бакирова Жогорку Соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Жогорку Соттун судьясы Бакирова Нургүл Жакыповна 5 жылдык мөөнөткө Жогорку Соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бакирова буга чейин Жогорку Соттун төрайымы болуп иштеген. Ал 31-январда кызматтан кеткен.