Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине депутат Нурланбек Азыгалиев шайланды.

81 депутат “макул” деп добуш берди. Азыгалиевдин талапкерлигин «Элдик» депутаттык тобу көрсөткөн, ал жалгыз талапкер болду.

Буга чейин Улан Примов вице-спикерликтен кеткен. Азыгалиевден тышкары вице-спикерлик кызматта Жамиля Исаева, Нурбек Сыдыгалиев калууда.