Нурланбек Шакиев Ак-Жол айыл аймагына салынып жаткан спорт залдын курулушу менен таанышты

Кечээ, 30-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы Райкомол айылында жайгашкан №20 Отунчу Ташкулов атындагы орто мектептин спорт залынын курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Курулуш иштери 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, быйылкы жылдын май айында бүткөрүү пландалууда. Төрага спорт залды салып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен баарлашып, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Андан соң жергиликтүү эл менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.