Алгач төрага Каныш-Кыя айылында курулган спорт комплексинин ачылышына катышты. Алсак, аталган спорттук жайды салуу үчүн республикалык бюджеттен 25,5 миллион сом каралып, курулуш иштери 2022-жылы башталган.
Нурланбек Шакиев салтанаттын алкагында жергиликтүү эл менен да жолугушуп, Чаткалдагы иш сапарынын максаты тууралуу да учкай кеп кылды. “Кыргызда “Миң уккандан бир көргөн артык” деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, спорт комплексинин ачылышынын алкагында жергиликтүү эл менен да баарлашып, маселелерин угуу үчүн келдик. Айрыкча, иш сапардагы негизги максатыбыз жолдордун абалын көрүү болгондуктан, Чаткалга Талас аркылуу аштык. Ошондой эле Ала-Бука-Чаткал жолунда жасалып жаткан иштерден кабар алдык”, — деди ал.
Эки жыл мурун Нурланбек Шакиев баштаган депутаттардын Чаткал районундагы иш сапары учурунда аталган жолду оңдоо маселеси көтөрүлүп, Президенттин көзөмөлүнүн астында реконструкциялоо иштери башталган. Натыйжада быйыл 170 чакырымдай жолдун 25 чакырымына асфальт төшөлүп, жыл аягына чейин жасалган жолдун узундугу 70 чакырымга чейин болору күтүлүүдө. Калган 100 чакырымы кийинки жылы бүткөрүлөт. Буга кошумча Талас облусуна ашкан 19 чакырымдык жолго да асфальт төшөлүп, аймактар аралык каттам ишке киргизилет.
“Бул албетте чек эмес. Жалпы өлкө боюнча бардык жолдор жаңыланып, инфраструктуралык долбоорлор дагы уланат. Анын ичинен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөбүздү жол туңгуюгунан чыгарып, жаңы иш орундарын түзүүгө жана мамлекеттин казынасын көтөрүүгө көмөкчү болот деген ишеничтемин. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары элдин көйгөйүн чечүүгө багытталган аткаруу бийлигинин аракетине ар дайым колдоо көрсөтүп, керектүү мыйзамдык базаны чыңдай беребиз. Бизге азыр мурдагыдай саясий оюндар эмес, өлкөнү өнүктүрүүгө арналган бирдиктүү кадамдар керек”, — деп кошумчалады.
Муну менен катар ачылып жаткан спорттук жай акжолтой болуп, өлкө намысын коргогон азаматтар арбын чыксын деген тилегин айткан Төрага керектүү шаймандарды алууга жардам катары 200 миң сомдук сертификатты тапшырды. “Учурда Париждеги олимпиадада кыргыз спортчулары ийгиликтерди жаратып, Мунарбектей уулдарыбыз алдыңкы орунга карай ишенимдүү кадам шилтөөдө. Буйруса ушул спорт комплексинен да элибиздин намысын коргоп, кызыл байрагыбызды эл аралык мелдештерде бийиктерде желбиреткен улан-кыздар чыгарына терең ишенем”, — деди Нурланбек Шакиев.
Төраганы депутаттар Азизбек Турсунбаев, Жанарбек Акаев, Саидбек Зулпуев жана башка тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер коштоп барды.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...
Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелер козголду. Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу жагдайды көтөрүп, окуу...
Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Жеенчороевдин ант берүү аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, ал...