Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды

Алгач төрага Каракол шаарында жайгашкан Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, анын ичинен окуу имараттарындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.
Аталган университет 1940-жылы мугалимдер институту катары ачылган. Учурда төрт факультет, он алты кафедрага ээлик кылган окуу жайда 5 миңдей студент билим алат. Алардын арасында кыргызстандыктар менен катар чет өлкөлүктөр да бар. Акыркы жылдары заманбап билим берүүгө басым кылган университеттин студенттери жаңы технологияларды жасап чыгарууну адатка айлантышкан. Тагыраагы, Физика-математикалык жана табигый-техникалык факультетинде билим алган жаштар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “МЭЭРИМ-1” аталышындагы көнүгүү жасоочу велосипедди чыгарышып, жакынкы аралыкта патент алууну көздөшүүдө.
“Кыргыз жаштары да дүйнөнү дүңгүрөткөн табылгаларды иштеп чыгып, жаңы технологияларды жаратарына терең ишенем. Анткени, арабызда таланттуу жаштар, мыкты адистер өтө арбын. Билим уясы саналган университеттер алардын өнөрүн өркүндөтүүгө жана тажрыйбасын арттырууга басым жасашы керек. Тилекке каршы акыркы муундар арасында телефонду көп колдонгон адат калыптанганы жашыруун эмес. Андыктан, аларды пайдалуу иштерге тартуу менен келечекке керектүү мыкты инсандарды тарбиялап чыгаруу учур талабы”, – деди Нурланбек Шакиев.
Ошондой Ардактуу коноктор китепчесине каалоо-тилегин жазып калтырган Жогорку Кеңештин Төрагасы окутуучулар жамааты менен да баарлашты. Агартуучулар университеттин имаратын жаңылоого керектүү каражатты чечүүгө көмөктөшүү маселесин көтөрүштү.