Шаршемби, 15.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Нурланбек Шакиев залкар калемгер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигинин ачылышына катышты

18:11 20.11.2023
0
Нурланбек Шакиев залкар калемгер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигинин ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев залкар калемгер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигинин ачылышына катышты. Иш-чарада депутаттар, Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият ишмерлери, калемгердин замандаштары, шакирттери жана окурмандар болду.

“Түгөлбай Сыдыкбеков чыгармалары аркылуу өзү жашаган доордогу кыргыз калкынын кулк мүнөзүн, жашоо-шартын, көздөгөн максатын жана көксөгөн идеясын көркөм сүрөттөгөн. Адабиятыбыздын алпы катары жаш акын-жазуучулардын бүтүндөй бир мектебин түптөп, көптөгөн шакирттерге устаттык кылган. Ал гана эмес Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков өңдүү калемгерлерге арка-бел болуп, айрым учурда тоталитардык бийликтин камчысынан калкалап турган”, – деди төрага.

Түгөлбай Сыдыкбеков чыгармачылык чөйрөдө гана эмес, коомдук турмушта да аксакалдык милдетти аркалаганын баса белгилеген Нурланбек Шакиев: “Эне тилин билүү – эң башкы маданият” деген залкар жазуучу кыргыз тилинин келечеги үчүн күрөшүп, улуттук баалуулуктарды коргоодо чоң эмгек жумшаган. Катаал системанын каарынан коркпой, элдин эртеңине кам көргөн. Мекенчилдиги жана кайратмандыгы менен калкынын урмат-сыйына татып, көзүнүн тирүүсүндө эле улуттун атасы катары таанылган. Эгемендиктин алгачкы жылдары кеп-кеңешин айтып, журттун башында турган. Андыктан Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнө өзү түбөлүктүү эстелик куруп кеткен улуу инсандарыбыздын бири десек жаңылышпайбыз”, – деп билдирди.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Өмүрүн чыгармачылыкка арнап, көптөгөн романдарды, поэма, очерк, аңгемелерди жазган калемгер 1997-жылы каза болгон.

 

1 / 4
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:37 14.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...

Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:53 14.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө калктын күнүмдүк...

Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:43 14.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Мык” чек ара заставасынын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен таанышты....

Тармактык комитет эгин талааларына зыян келтирген мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорун четке какты

Тармактык комитет эгин талааларына зыян келтирген мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорун четке какты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:22 13.04.2026
0

Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын...

Депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгеси колдоо тапты

Депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгеси колдоо тапты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:36 13.04.2026
0

Демилгечилер – депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

16:52 14.04.2026
Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

13:54 14.04.2026
Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

09:43 14.04.2026
Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

16:52 14.04.2026
Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

Акбалык Жумалиева Боршайкомдун төрагасынын орун басары болуп шайланды

16:00 14.04.2026
БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

15:37 14.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү