Өлкө башчысы: «Доллар көтөрүлүп, күйүүчү май менен азык-түлүктүн баасы жогорулап жатат»

«Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Бүгүн, 9-мартта мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, анда салтанаттын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөдү.

«Ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болуп турат. «Ынтымак бар жерде ырыс бар» деген накыл кеп бар элибизде. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алпарышыбыз абадай зарыл болуп турган чак.

Мен өткөндө Министрлер кабинети тарабынан жогоруда тизмектелген каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккандыгын айттым эле. Албетте, биздин биринчи приоритетибиз — экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, жакшы сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, «кылдан кыйкым издебей», ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүү темпи биздин сындашып, акыйлашып олтурганыбызга карабайт. Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей, жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп турат», — деди өлкө башчысы.