Өлкөдөн чыгып кеткенин айткан Тилекмат Куренов кайтып келди

Өлкөдөн чыгып кеткенин айткан жарандык активист Тилекмат Куренов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тастыктады.

Ал буга чейинки кайрылуусунда бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында улуттук улуу жыйын болорун айткан. Бул боюнча сураганыбызда «Эл чогулса чыгам, кайдыгер болсо, чыкпайм» деп жооп берди.