Өмүрбек Бакиров ага жаңы иш бөлмө бериле электигин айтты

Жаңы иш бөлмө бериле элек. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Бакиров журналисттерге билдирди.

«Жаңы иш бөлмөнү көрө да элекмин. Мурдагы кабинетти жаап коюшуптур. Азыр бир депутаттын иш бөлмөсүнө кирип, курткамды коюп койдум. Бүгүн жыйынга иш башкаруучунун башчысы келмей болду. Өзүнөн жооп алабыз. Мага иш бөлмө маанилүү деле эмес», — деди ал.